Премьер Абылгазиев кыргыз тилинен тест тапшырды. Жыйынтыгы

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде өздөштүрүүсү керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен бирге "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды. Ал ошондой эле "Кыргызтест" мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты.

"Биз окутуу системасын жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдир бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбошу дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, шарт түзүү керек", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде өздөштүрүүсү керектигин айтты.

Тестирлөө бүткөндөн кийин Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.