БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Милициянын автоунаасы менен балдарды аз жерден коюп кете жаздаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Окуя бүгүн эртең менен саат 9:00дөр чамасында болгон. Эки окуучу Токтогул көчөсүндөгү жол чийинден өтүп баратканда милициянын автоунаасы алардын алдынан катуу ылдамдык менен өтүп кеткен.
Автоинспекторлор автоунааны таап, айдоочуга 3 миң сом айып салды.
ИИМдин Бишкек шаардык ички иликтөө кызматы аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүп, ШИИБдин жетекчилиги абалды көзөмөлгө алды.