Радио

Бейшеналиев: билим берүү тармагы шайлоо учурунда көзүр мекемеге айланат

Борбордук Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагы саясаттан алыс болушу керек деген пикирин айтты.
Sputnik
Бейшеналиев: билим берүү тармагы шайлоо учурунда көзүр мекемеге айланат

Билим берүү жана илим министрлиги шайлоо учурунда эң керектүү тармакка айланат. Мындай пикирин Алмазбек Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоо учурунда аталган министрликти рычаг катары колдонуп кеткен учурлар эгемендүү өлкө тарыхында болуп келет.

"Билим берүү жана илим министрлиги шайлоо учурунда көзүр мекемеге айланат. Анда 110 миңдей кызматкер иштейт. Студенттерди аралаштырып, шайлоолордо атайын тизмелер түзүлүп, педагогдор тигил же бул тараптын кызыкчылыгына колдонулат. Биз бул көрүнүштөн арылышыбыз керек. Балдарга бөлүнүп-жарылууну эмес, демократиялык тандоо жүргүзүүнү үйрөтүшүбүз абзел", — деди Бейшеналиев.

Окумуштуу бул көйгөйдү чечүүгө жалгыз министр эле эмес, коомчулук да жардам берүүсү керектигин кошумчалады.