Жалал-Абаддын прокуратурасы жаңы имараттуу болду. Сүрөттөр

Жалал-Абад облустук прокурорунун милдетин аткаруучу Уланбек Ибраим уулу имараттын курулушу Башкы прокуратуранын демилгеси менен ишке ашканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы үч кабаттуу жаңы имараттуу болгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Анын ачылыш салтанатына баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баштаган бир катар расмийлер катышкан. Жамшитов облустагы прокуратура кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктады. Аны менен катар жакшы, сапаттуу иштөөгө чакырды.

Ал эми Жалал-Абад облустук прокурорунун милдетин аткаруучу Уланбек Ибраим уулу имараттын курулушу Башкы прокуратуранын демилгеси менен ишке ашканын белгиледи.