Вице-премьер чек арага жакын аймактарга салынып жаткан жолдон кабар алды

Көк-Таш — Ак-Cай — Тамдык жолунун узундугу 24,5 чакырымды, ал эми сметалык баасы 606 миллион сомду түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Баткен облусундагы иш сапарында Ак-Cай — Тамдык жана Ак-Cай — Рават жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Көк-Таш — Ак-Cай — Тамдык жолунун узундугу 24,5 чакырымды, ал эми сметалык баасы 606 миллион сомду түзөт.

Көк-Таш – Ак-Cай жолунун узундугу 6,8 чакырым келген тилкесине асфальт төшөлдү.

"Курулуш иши 2014-жылы башталган Ак-Сай – Рават автомобиль жолунун узундугу 25 чакырымды түзөт. Долбоордун сметалык баасы 584,5 миллион сом. Жолго шагыл төшөөгө жалданма компания 20 миллион сом которгон", — деп айтылат маалыматта.

Баткенди Тажикстан менен байланыштырган көпүрө оңдолду. Сүрөт
Андан сырткары, каттамдын узундугу алты чакырым келген тилкеси кеңейтилди. Ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин каттамды салуу иштери бүткөрүлүп, андан кийин чоң жүк ташуучу транспорт каражаттарынын каттоосуна уруксат берилери күтүлүүдө.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр Ак-Cай айыл округунун Бакай участкасындагы ирригациялык системанын курулушу менен таанышты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.