Премьер уруксатсыз курулган жеке турак жайлардын санын эсепке алууну тапшырды

Өкмөт башчы турак жай курулушун активдүү өнүктүрүүнү эске алуу менен мамлекеттик органдар курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөшү керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде Абылгазиев өлкө жарандарынын кызыкчылыгы үчүн республикадагы мыйзамсыз, уруксатсыз курулган жеке турак жайлардын санын эсепке алууну тапшырды.

Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол
Ошондой эле өлкөдө инфраструктуралык, социалдык, өндүрүш объектилерин куруудагы жана колдонууга берүүдө талап кылынган нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды укту.

Премьер экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо үчүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте май куюучу станциялардын ишмердүүлүгүнө комплекстүү анализ жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы, мындан тышкары, турак жай курулушун активдүү өнүктүрүүнү эске алуу менен мамлекеттик органдар курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөшү керектигин, жарандарга куруучунун милдеттери жана үлүштүк курулуштардагы тобокелчиликтер жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.