Кыргызстанда парламенттик шайлоо кайсы күнү болору айтылды

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо 2015-жылы октябрь айында өтүп, алты партия жеңишке жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул күн октябрь айынын биринчи жекшембисине туура келет.

"Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, парламенттин конституциялык мөөнөтү бүткөндөн кийинки айдын биринчи жекшембисинде өтөт.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо 2015-жылы 4-октябрда өтүп, алты партия жеңишке жеткен. 

КСДП — 38 мандат;
"Республика Ата-Журт" — 28 мандат;
"Кыргызстан" — 18 мандат;
"Өнүгүү Прогресс" — 13 мандат;
"Бир Бол" — 12 мандат;
"Ата Мекен" — 11 мандат.