Радио

Асанов: бел оорулары эпидемияга айланды

Эл аралык класстагы остеопат, врач-невролог, физиотерапевт Бекташ Асанов томография пайда болгону адамдардын көбү бели ооруй турганын биле баштаганын айтты.
Sputnik
Асанов: бел оорулары эпидемияга айланды

Бел оорулары бүгүнкү күндө эпидемияга айланды. Бул тууралуу Бекташ Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, омуртка, бел дарттары тууралуу толук кандуу жана ишенимдүү маалымат алуу үчүн томографияга кеминде үч жолу тартылуу керек. Анткени анын жыйынтыктары 50 пайызга гана туура чыгат.

"Томография жаңыдан пайда болгондо 100 кишини бел ооруга текшерип көрүшкөн экен. Жыйынтыгында 50 адамдан грыжа табылган. Алардын 25и бел оорусу бар экенин сезсе, калганы билген эмес. Томографияга кеминде үч жолу тартылуу керек. Анткени жаак, кабыргалар туура эмес жайгашса, табарсык, бөйрөк, ичеги ооруса, кургак учук жана рак илдеттери пайда болсо омуртка менен белге сезилиши мүмкүн. Аны билбегендер туура эмес дарыланып, ооруну ырбатып жиберишет", — деди Асанов.

Ошондой эле ал адамдын психикалык абалына байланыштуу да бел жана омуртка оорулары пайда болушу мүмкүн экенин кошумчалады.