БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Казакстандагы медициналык окуу жайдын студенти, интерн Данара Шайхина Алматыдан Талдыкорганга бара жаткан жолдо таксиде толгоосу келип калган келиндин төрөтүн кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Кийин келечектеги хирургду журналисттер таап, окуя тууралуу пикирин уккан. Маалыматка караганда, ал жаш үй-бүлөнүн автоунаасына кардар катары отурган.
"Келиндин күйөөсү рулда эле. Өзү алдыңкы орундукта болгондуктан, кош бойлуу экенин деле байкаган эмесмин. Дароо эле уктап кетиптирмин. Бир маалда аялдын кыйкырыгынан чочуп ойгондум. Карасам төрөтү башталып калыптыр. Түнкү саат 11. Көп өтпөй эле баланын башы көрүнө баштады. Бактыга жараша, машинада шейшеп бар экен. Мен университеттен окуган нерселеримдин баарын эстеп, аялды төрөтүп алдым", — деди студент.
Төрөт ийгиликтүү өткөн. Ымыркайдын киндигин дагы келечектеги дарыгер өзү кескен. Көп өтпөй келин менен ымыркайды Тез жардам кызматы алып кеткен.
Бактылуу ата шашкалактап жатып баласынын киндик энесинин телефон номурун албай калган. Кийин ыраазычылык билдирүү үчүн аны социалдык тармактардан издеп, дал ошол пост аркылуу бул окуя тууралуу коомчулук билип калган.