Facebook RT агенттигинин орус ашканасы тууралуу баракчасын өчүрүп салды

Социальная сеть Facebook блокирует аккаунты
Russia Today долбоорунун башкы редакторлорунун бири алгач аккаунтта ар кандай көйгөйлөр жаралып, андан кийин баракча жоголуп кеткендигин айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы Russia Beyond долбоорунун орус ашканасынын рецепттерин жазган баракчасын өчүрүп салгандыгын RT агенттиги билдирди.

Russia Beyond долбоорунун башкы редактору Всеволод Пулянын айтымында, баракча Russian Kitchen деп аталып, ага 40 миң адам катталган болчу.

Ошондой эле бир убакта бардык администраторлорго "Сториз бөлүмүнө маалыматтарды киргизүү чектелди" деп билдирүү келген. Бир нече күндөн кийин ачык-айкындуулук үчүн администраторлордун жашаган өлкөсү көрсөтүлүшү керектиги айтылган билдирүү жөнөтүлгөн.

"Дагы бир нече күндөн кийин баракчага маалымат чыкпай калды. Тагыраагы, ал администраторлор үчүн гана ачык болуп, интернетте көрсөтүлбөй калган. Биз анын эмне болгонун териштирип баштадык. Так бир себебин таба албадык. Профилде "Балким, Facebook эрежелерин буздуңуз, спам жөнөттүңүз же контент уурдадыңыз" деген жазуу турат. Биз "апелляция берүү" баскычын бастык", — деди ал.

Башкы редактор бир нече күндөн кийин баракча "жоголуп" кеткенин кошумчалады.

"Эч жактан эч кимибизге билдирүү келген жок. Техникалык колдоо кызматы үн ката элек. Facebook компаниясынын өзүнө байланышууга мүмкүнчүлүк жок", — деди Пуля.

Facebook социалдык тармагы май айында Россия менен байланыштуу 100дөй аккаунтту өчүргөнүн билдирген. Ага чейин январь айында 500 аккаунтту, анын ичинде Sputnik агенттигинин жети баракчасын өчүргөн.