Бишкектеги жаңы конуштардын бирине таза суу түтүктөрү орнотулууда

Быйыл жалпысынан бардык конуштарда узундугу 17 617 чакырымга жеткен канализация жана 13 чакырымдык суу түтүктөрү орнотулууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Мурас-Ордо конушуна таза суу түтүктөрү коюлуп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, коюла турчу куурлардын узундугу 6 353 метрге жетет. Бул өз кезегинде конуштун жашоочуларынын 60 пайызын камтыйт.

Андан сырткары, бул иштерди тендерди утуп алган "Технотоп" курулуш компаниясы 15-декабрга чейин ишке ашырат.

"Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 4 миллион 698 миң 972 сомду түзөт. Бул каражаттар шаардык бюджеттен каралган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин жака-белиндеги конуштарга канализация жана суу куурларын коюу аракеттери калаа башчысы Азиз Суракматовдун тургундар менен жолугууларынан кийин ишке ашып жатат. Быйыл жалпысынан бардык конуштарда узундугу 17 617 чакырымга жеткен канализация жана 13 чакырымдык суу түтүктөрү орнотулууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.