ТИМ: Токаевдин Кыргызстанга келишине даярдык көрүлүүдө

Буга чейин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары ноябрь айында болору айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер боюнча министрликтери Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке боло турчу мамлекеттик сапарын даярдоо маселелерин талкуулады. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул жаатта эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери Чыңгыз Айдарбеков менен Мухтар Тлеуберди жолугушуу өткөргөн.

Аталган багытта министрлердин орун басарлары да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жакынкы арада Бишкек шаарында компетенттүү ведомстволордун катышуусунда ТИМдер аралык консультацияларды өткөрөрүн макулдашты", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Казакстан президенти Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары ноябрь айында болору айтылган.