Алган билимди туура колдонгула! Муфтий Египеттеги КР студенттери менен жолукту

Иш-чарага муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев катышып, кандай гана маселе болбосун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кайрылууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Алган билимиңерди, тажрыйбаңарды туура багытка колдонуп, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн өз салымыңарды кошууга чакырам. Бул тууралуу муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттин окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен жолугуп жатып айтты.

Белгилей кетсек, Токтомушев "Фыкхий талаш-тартыштарды маданияттуу башкаруу" аталышындагы эл аралык конференцияга катышкан. Сапардын алкагында ал Египеттин муфтийи шейх Шавки Аллаам жана Ислам изилдөө академиясынын башкы секретары шейх Назир Айаад менен жолугушкан.

Ал эми студенттер менен жолугушуу бүгүн, 17-октябрда, өткөн.

"Илим адам баласын зээндүү кылуу менен бирге келечек муунга туура багытты көрсөтүүгө жол ачат. Андыктан алган билимиңерди, тажрыйбаңарды туура багытка колдонуп, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн өз салымыңарды кошкула демекмин", — деди муфтий.

Иш-чарага муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев катышып, кандай гана маселе болбосун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кайрылууга чакырды. Соңунда Максатбек ажы Токтомушев студенттерге ийгилик каалап, окууну артыкчылык менен бүтүрүү жана башкаларга үлгү болууга үндөдү.