БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik.National Geographic журналы аялдардын жашоосуна коопсуз өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан 167 мамлекеттин арасынан 80-орунга илинди.
Биринчи орунга Норвегия, экинчиге Швейцария чыкты. Ал эми үчүнчү орунду Финляндия менен Дания бөлүштү.
Кыз-келиндердин шору каткан өлкөлөрдүн сап башында Сирия, Афганистан жана Йемен турат экен.
Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу айтсак, эң бакубат турмушта казакстандык аялдар жашайт. Коңшулар рейтингдин 43-сабын ээлеген. Андан кийин Түркмөнстан (60-орун), Кыргызстан (80-орун) жана Өзбекстан (89-орун) турат. Биздин чөлкөм боюнча акыркы орунда Тажикстан (96-орун) калды.
Рейтингди түзгөндөр өлкөдөгү коопсуздукка, адилеттүүлүк жана аялдардын коомдук-саясий турмушка аралашышына карашкан.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.