Кара-Суу: эмгек жамаатты нааразы кылган аткаминер иштен кетти

Марат Шариповдун кайрадан кызматка дайындалышына каршы болгон эмгек жамаат иш таштоого камынып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Марат Шарипов өз арызы менен ээлеген кызматын тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбек кызы билдирди.

Ал эми мекеменин юристи Майрамбек Бойтоев 16-октябрь күнү аталган башкармалыкта жыйын өткөрүлүп, анда Марат Шарипов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандыгын билдирген.

ИИМ милиционерлердин массалык түрдө иштен алынышына жооп берди
Эске сала кетсек, башкармалыктын башчысы Шариповдун ишмердүүлүгүнө нааразы болгон эмгек жамаат анын кайрадан кызматка дайындалышына каршы болуп, 17-октябрда иш таштай турганын билдирген.

Юристтин айтымында, коллектив буга чейин Шариповдун орой мамилеси жана коррупциялык иштери боюнча Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин башчысына арызданып, комиссия түзүлгөн. Натыйжада атайын комиссия аны ээлеген жумушунан бошоткон, бирок бир аз убакыттан кийин кайра ошол эле кызматта ишмердүүлүгүн уланткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.