Нокауттан комага түшүп калган боксчу каза болду

Боксчу нокаутка кеткенден төрт күн өткөн соң каза тапкан. Дарыгерлер анын баш сөөгү катуу жабыркаганын аныкташты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Беттеш учурунда нокаутка кеткен америкалык боксчу Патрик Дэй комага түшүп, бир нече күндөн кийин көз жумган. Бул тууралуу Дүйнөлүк бокс кеңешинен (WBC) билдиришти.

Кырсык үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында болгон. Дэй мекендеши Чарльз Конвелл менен кез келген. Мушкерлер 10 раунд беттешип, акыркысында Дэй нокаутка кетип комага түшүп калган. Төрт күндөн кийин ал ооруканада көз жумган.

"Патриктин баш сөөгү жабыркап каза тапты. Дүйнөлүк бокс кеңеши анын туугандарына көңүл айтат", — дешти WBC уюмунан.

Патрик Дэйдин карьерасы 2013-жылдан тарта башталган. Төрт жылдан кийин континенталдык чемпионатка катышкан. Ал жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону болгусу келчү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.