Бишкектин айрым аймактарында 5 күн газ болбойт. Тизме

Көгүлтүр от жер алдындагы газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчөт. Түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн "Газпром Кыргызстан" ишканасы элден кечирим сурайт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 21-25-октябрь аралыгында газ болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер алдындагы газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Калык Акиев, Шопоков көчөлөрү жана Жибек Жолу, Чүй проспектилеринде беш күнгө көгүлтүр от болбойт.

"Жалпы жонунан 4226 абонент газсыз калат", — дешти мэриядан.

Түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн "Газпром Кыргызстан" ишканасы элден кечирим сурайт.