Депутат экспорттун кескин азайып кеткенин айтып, өкмөттү сындады

Эл өкүлү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам кабыл алынганына карабай өкмөт бүгүнкү күнү көзгө көрүнө турган бир дагы долбоор жасабаганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине эки ай мурда төрт жыл болгонун айтып, бирок башында пландалган иштер аткарылбай жатканына токтолду.

Ал аталган интеграциялык бирикмеге киргенде Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрү, коңшу мамлекетке продукциялардын сатыла турганы, жаңы технологиялуу чет элдик компаниялар келери айтылганы менен иш жүзүндө анын бири жок экенин белгиледи.

"Бүгүн мына сегиз айдын жыйынтыгын карап жатып, бир гана сандарга токтолоюн. Экспорт төмөн деңгээлде болуп жатат. ЕАЭБдин алкагында 7 пайызга түштү. Анын ичинде Россияга 43 пайызга чейин төмөндөгөн.  Кийим тигүү боюнча биздин жеңил өнөр жайды флагман дечү эле, ал дагы 60 пайызга азайган. Тигилген бут кийим боюнча көрсөткүч 50 пайызга түшүп жатат. Мигранттардын которуулары да 10 пайызга төмөндөдү. Же болбосо былтыркыга салыштырганда 175 миллион долларга аз. Ошондой эле бажы кызматтарынын төлөмдөрү да минус менен бара жатат. Андыктан өкмөт бул жаатта иш алып барбаса, кесепети катуу тийип калышы ыктымал", — деген депутат өкмөткө эскертүү берди.

ЕАЭБде транспорттук кызматтардын рыногун түзүү пландалып жатат
Эл өкүлү өлкөдөн чыгып кетип жаткан инвестициянын көлөмү да өсүп жатканына токтолду. Мисалы, жыл башынан бери Казакстанга 35 миллион доллар чыгып, кайта бул мамлекеттен Кыргызстанга 9,5 миллион доллар инвестиция келген. Кытайга 181 миллион доллар чыгып, кайта 171 миллион келген. Ортодогу айырма 10 миллион долларды түзөт.

Карашев мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам кабыл алынганына карабай, өкмөт бүгүнкү күнү көзгө көрүнө турган бир дагы долбоор жасабаганын сынга алды.

Депутат Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү боюнча ою бар экенин ЖМКлар жазып чыкканын айтып, өкмөт өзүнүн товарларын коргоо боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүшү керектигине токтолду.

"Эгер айыл чарба продукциясындагы атаандаштыкка туруштук бере албай биздики калып калса, эртең ага ким жооп берет?", — деп суроо салды ал.

Өкмөт, андан сырткары, өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча да иш-аракеттерди көрүшү керектигин кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.