Дароо миллиондоп катталышты. Женнифер Энистондун Instagram баракчасынын ийгилиги

Голливуд жылдызынын аккаунту бир сутканын ичинде эле популярдуу болуп кеткен. Актриса жүктөгөн алгачкы сүрөт 8 миллиондон ашык лайк алды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Голливуд жылдызы Женнифер Энистон Instagram аккаунтун ачып, селфи сүрөтүн жүктөдү.

17 сааттын ичинде анын постуна 8 миллион лайк басылып, баракчага 6,3 миллион киши жазылган.

Актриса "Друзья" деген сериалга тартылган кесиптештери менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Сериалга быйыл 25 жыл толду.

"Эми биз Instagram баракча аркылуу дагы доспуз. Салам, Instagram", — деп жазды Энистон.

Селфи сүрөттөн Кортни Кокс, Лиза Кудроу, Мэтт Леблан, Мэттью Перри жана Дэвид Швиммерди көрүүгө болот.