Жомоктогудай аргымак! Ак боз атчан Ким Чен Ындын сүрөттөрү

Интернет айдыңына текирең-таскак менен келе жаткан ак боз аргымакчан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын сүрөтү тарады.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Түндүк Кореянын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын иш сапары менен Самчжиён уездине барып, корей эли үчүн ыйык деп эсептелген Пэктусан тоосуна ак боз ат менен чыгып келди. Бул туурасында РИА Новости ЦТАК агенттигине шилтеме кылып маалымат таратты.

Муну ЖМКлар "Пэкту тоосуна түшкөн биринчи карды ак боз ат менен тосуп алды" деп жазышты.

Интернетке тараган сүрөттөрүнөн арткы фондогу аскалуу тоону, жаңы жааган карды жана кар түшкөн токойду көрүүгө болот. Бир караганда, Түндүк Корея лидери жаратылыштын кооздугунда жомоктогу каарманга да окшоп кетет.

Самчжиёнго барган Ким Чен Ын АКШнын санкция саясатын сындаганга үлгүргөн.

"Учурда биздин мамлекеттин абалы биринен сала биринин артына жасалган санкциялардан улам анча жакшы эмес. Бизди басып салгысы келип турат, тарта турчу кыйынчылыктарыбыз, сыноолорубуз арбын... АКШ башында туруп, элибизге душмандык менен жасаган мамилеси калктын азабынан эми каарына өсүп бара жатат, — деген ал.

Рёнхап агенттиги Ким Чен Ын бул тоого башына кыйынчылык түшкөн учурларда чыгып турарын жазган.