Жалал-Абад: 27 жаштагы жигит өз үйүндө ишкана ачып, самын өндүрө баштады

Базар-Коргон районунун жашоочусу 27 жаштагы Билал Сражидин уулу өз үйүндө чакан цех ачкан. Азыр эки киши иштесе, келечекте төрт адамды жумуш менен камсыздоо планы бар.
Sputnik

Өзү түптөгөн ишканасын ачкан жаш ишкер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешип кайтты.

Интернетте отуруп эле миллион таптым. Жаш ишкер Бакыт Алымжан уулунун маеги
Билалдын ишканасы өзү жашаган үйүнүн бир бөлмөсүндө жайгашкан. Ал самынды даярдоочу жабдуулардын айрым бөлүктөрүн эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен сатып алган. Ал эми айрымдарын ишкер жигит өз колу менен жасаган.

Учурда кир самын өндүрүүчү цехте эки жумушчу иштеп жатат. Жаш ишкер алдыда продукциянын гана көлөмүн эмес, жумуш орундарын да көбөйтүүнү пландоодо.

Билалдын айтымында, кир самын негизинен уйдун жана пахтанын майынан жасалат. Мындан сырткары, ага химиялык заттардан щелочь кошулат. Бул үч затты 2-3 саат бою тынымсыз аралаштырып, андан соң бир аз тыныктырышат.

"Сырьё бир аз катый түшөт. Андан соң гана өзүм жасаган жабдуунун жардамы менен самынды бирдей көлөмдө кесип чыгабыз", — дейт Билал Сражидин уулу.

Ишкер жогоруда айтылган сырьёлорду базардан эле сатып алат.

Чакан цехти түптөө үчүн беш миң доллардай каражат сарптаган.

"Цехтен күнүнө 1200 даана самын чыгарууга болот. Бирок айрым жабдууларым толук бүтпөгөндүктөн, учурда андай мүмкүнчүлүк жок. Ишканада эки адам жумуш менен камсыз болгон", — дейт ал.

Жоктон бар кылгандар! Үйдө отуруп акча тапкан кыз-келиндер сыры менен бөлүштү
Билалдын атасы Сражидин Абдыкаримов уулунун аракетин жогору баалайт.

"Уулумдун идеясын колдоп макулдугумду бердим. Биринчиден, өзү жумуш менен камсыз болсо, экинчиден, өлкөдөгү ушундай чакан ишкананын санынын арбышына аз да болсо салым кошот", — деди Абдыкаримов.

Ал белгилегендей, тоолуу Арстанбап аймагында туристтик сезондо гана жумуш болбосо, жылдын башка мезгилдеринде жергиликтүүлөр иш издеп ар кайсы мамлекеттерге жөнөп кетишет. Сражидин ага цехти ачуу уулуна оңойго турбагандыгына токтолду.

"Интернеттен бир топко чейин маалымат чогултту. Кесипкөй адистер менен сүйлөштү. Айтор, идеясынын артынан түшүп, чуркап жүрүп цехти ачты. Азыр уулумдун аракетин колдоп кубанып турган чагыбыз", — деди Абдикаримов.

Жаш ишкер алдыда атайын имаратка цехти көчүрүп, төрт адамды туруктуу иш менен камсыздоону көздөп турат. Кир самындан сырткары, жыттуу самындарды чыгаруунун аракетин көрүүдө. Билал Сражидин уулу Жалал-Абад облусунда алгачкылардан болуп кир жуучу каражат чыгарган ишкер. Анын өзү түптөгөн ишканасы аркылуу келечекте ондогон адамдарды туруктуу жумуш менен камсыздайм деген изги тилеги бар.