Кырдач мурун, керме каш. Пластикалык хирург мыкты деген сулуулардын сүрөтү

Sputnik

Сап башына америкалык супермодель Белла Хадид чыкты. Хирург анын бет түзүлүшүн карап, оозу-мурду, ээги, жаак сөөктөрү ойдогудай жайгашкан, чекеси да идеалдуу деген.

Хадиддин сулуулугу боюнча эч кынтыгы жок деп эсептелген идеалдын 94,35 пайызына туура келери айтылып, дүйнөдөгү абдан сулуу аял деген баага татыган. Экинчи орунду ырчы Бейонсе (92,44 пайыз), үчүнчү орунду эч кимдикинде жок мурду үчүн Эмбер Херд (91,85 пайыз) ээлеген.

Жакшынакай кыз-келиндердин ондугуна Ариана Гранде, Тейлор Свифт, Кейт Мосс, Скарлетт Йоханссон, Натали Портман, Кэти Перри жана Кара Делевинь кирген.

1 / 10
Сап башына америкалык супермодель Белла Хадид чыккан
2 / 10
Америкалык ырчы Бейонс Ноулз
3 / 10
Жакшынакай кыз-келиндердин ондугуна актриса Эмбер Херд кирди. Бул жерде сулуунун Лондондо "Аквамен" киносуна тартылып жаткан учуру
4 / 10
Америкалык көз талдырган Ариана Грандени ондуктун катарына киргизбей коюуга мүмкүн эмес болчу
5 / 10
Дагы бир чүрөк — америкалык ырчы жана актриса Тейлор Свифт
6 / 10
Британиялык супермодель Кейт Мосс. Хирург бул айымды ондуктун катарына сөзсүз кошуу керек деп эсептеген
7 / 10
Америкалык Скарлетт Йоханссон да бул тизмеге кирген
8 / 10
"Леон" фильминин жылдызы Натали Портман бир топ жылдан кийин дүйнөнүн көзүн талдырган сулуулардын катарын толуктады
9 / 10
Америкалык ырчы Кэти Перри
10 / 10
Британиялык модель Кара Делевинь