Кыргызстандын футбол командасы өз тайпасында 2-орунга чыкты. Таблица

Кыргызстандын кийинки атаандашы болгон Япония курама командасы Тажикстандын футболчуларын жеңип, өз тайпасындагы биринчиликти бербей келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Япониянын курама командасы Тажикстандын футболчуларын 3:0 эсебинде утуп алды. Оюн кечээ, 16-октябрда, Душанбе шаарында өттү.

Кыргызстандын футбол командасы өз тайпасында 2-орунга чыкты. Таблица

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы да Улан-Батордо Монголияны 2:1 эсеби менен жеңген.

Кыргызстандын футболчулары Мьянманы баш көтөртпөй жеңгенде... Мелдештин ирмемдери
Муну менен F тайпасында (2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоонун экинчи раунду) Япония 9 упай, Кыргызстан менен Тажикстан 6 упай, Монголия 3 упайга ээ болсо, Мьянманын бир да упайы жок. Азырынча улуттук команда Тажикстандан жогору турат. Анткени биринчи голдордун айырмасы каралып, андан соң жеке беттешүүдөгү көрсөткүчтөр эсептелет.

Буга чейин кыргызстандыктар Душанбеге барып (0:1 эсебинде) Тажикстанга утулуп калган. Ал эми Бишкекте Мьянманы 7:0 эсебинде утуп тарыхты жаңылаган.

Кыргызстандын командасы эми 14-ноябрда өз талаасында Япониянын футболчулары менен күч сынашат.