АКШ визасы боюнча чыр. БУУнун баш катчысы Россияны колдоду

АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясына бараткан Россиянын 18 дипломатына виза бербей койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк уюмдун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн россиялык дипломаттарга АКШнын виза бербей коюшу боюнча Москванын позициясын БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш колдоого алды. Бул туурасында БУУнун Россиядагы өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.

Шейшемби күнү БУУнун штаб-квартирасында катнаштар боюнча комитеттин жыйыны өтүп, дипломаттарга АКШ визасынын берилбей жатышы боюнча көйгөй талкууланган.

"Биз кеңири чөйрөдө чогулган мамлекеттерге туура позицияны карманып жатканыбызды, жүйөлүү талаптарды койгонубузду айтып, мамлекеттердин келиши боюнча штаб-квартиранын келишиминин милдеттемелерин аткарбай жатканына ынандыра алдык. БУУнун баш катчысы бул боюнча позициясын билдирип, биздин көз карашыбыз менен макул экенин айтты", — деди Кузьмин.

КР тышкы иштер министри БУУнун баш катчысы менен жолукту
Дипломаттарга виза берилбей жатканын АКШ коопсуздук үчүн деп түшүндүргөн. Бирок Кузьмин муну акылга сыйбас иш катары сыпаттады.

"Мындай аргумент күлкүнү келтирет, бирок ал укуктук жактан келтире турган жападан жалгыз жүйө. Биз муну жөн эле шылтоо катары кабылдайбыз. Ошонтсе да олуттуу эмес аргумент болуп калды", — деди дипломат.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына бараткан Россиянын 18 дипломатына АКШ виза бербей койгон. Анын ичинде уюмдун куралсыздандыруу жана укуктук маселелер боюнча Биринчи жана Алтынчы комитетинде катыша турган делегациянын мүчөлөрү да бар болчу.

Уюмдун Россиядагы өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский мындан кийин Биринчи комитеттин сессиясын Нью-Йоркто эмес, Венада же Женевада өткөрүүнү сунуштады.