Жээнбеков Шайлдабекованы кабыл алып, алдыдагы шайлоо тууралуу сүйлөштү

Жээнбеков өз кезегинде шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрь күнү, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жылдары Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды. 

Жээнбеков Шайлдабекованы кабыл алып, алдыдагы шайлоо тууралуу сүйлөштү

Шайлдабекованын айтымында, эки жылдын ичинде Кыргызстанда төрт ирет шайлоо өтөт. 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке (айылдык жана шаардык), октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтсө, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңеш (айылдык жана шаардык) жана төрт жергиликтүү кеңеш шайланмакчы.

Баатырбеков: 9 пайыздык чек көп саясий күчтөрдү бириктирет
БШК жетекчиси эмдиги жылы боло турган шайлоолорго даярдык көрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн убакыт талап кылынарын жана кезектеги шайлоолордун мөөнөтүн сактоону эске алуу менен пландаштырылганын белгиледи. Анын айтымында, шайлоо системасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Жээнбеков өз кезегинде шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүү, элдин шайлоо системасына ишенимин жогорулатуу жана шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоонун зарылдыгын белгиледи.