Майрамдардын арты менен кайсы күндөрү эс алабыз. 2020-жылга берилген календарь

Жумуш эмес майрам күндөрүнүн алдындагы кыскартылган күндөр болуп 6-январь, 20-март, 6-апрель, 30-апрель, 4-май, 8-май, 6-ноябрь жана 31-декабрь эсептелген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылкы майрам күндөрдүн календарын жарыялады.

Маалыматка караганда, төмөнкү күндөрү кыргызстандыктар эс алышат:

  • 1-январь — Жаңы жыл;
  • 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү;
  • 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Нооруз улуттук майрамы;
  • 7-апрель — Элдик апрель революция күнү;
  • 1-май — Эмгек күнү;
  • 5-май — Кыргызстандын Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү;
  • 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү;
  • 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

Ноябрда аба ырайынын кандай болору айтылды
Ай календары менен аныктала турган мусулмандардын Курман айт жана Орозо айт майрамы менен 7-январь - Иса пайгамбардын туулган күнү эс алуу күндөрү болуп саналат.

Белгилей кетсек, майрамдар дем алыш күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Ошондой эле кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында өкмөт эс алуу күндөрдү башка күндөргө которууга укуктуу.

Майрам күндөрдүн алдындагы кыскартылган күндөр болуп 6-январь, 20-март, 6-апрель, 30-апрель, 4-май, 8-май, 6-ноябрь жана 31-декабрь эсептелет.