Президенттер жубайлары болуп кечки тамакка чогулушту. Сүрөт

Бүгүн Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны башталды. Ага президенттер менен өкмөт башчылар катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине (ТТМКК) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жана өкмөт башчылары менен кечки тамакка отурду.

Кечки тамак учурундагы сүрөттү Азербайжан президентинин маалымат кызматы жарыялады.

Кадрдан Ильхам Алиев менен жубайы Мехрибан Алиеваны, Сооронбай Жээнбековду, Шавкат Мирзиёевди, Режеп Тайип Эрдоганды жана анын жубайы Эмине Эрдоганды, ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды көрүүгө болот. Дасторкон четинде Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев дагы отурган.

ТТМККнын саммити бүгүн Бакуда башталат.