БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Twitter аккаунтуна сириялык күрддөрдү ким коргоп жатканы ага баары бир экендигин жазды.
Билдирүүдөн президент "Сириянын башчысы Башар Асад, Россия, Кытай, мага демектен Наполеон Бонапарт коргосун" деп жазганын окууга болот.
Трамп күрддөрдү коргойм дегендерге ийгилик каалап, аны менен бирге эле америкалык аскерлер согуш болгон жерден жети миң миль алыстыкта турганын айтты.
Ал АКШ "Ислам мамлекети" уюмун жеңгенден кийин Сириядан бир топ аскерлерин чыгарып кеткендиги боюнча билдирүү жасады. Сирия боюнча баш ооруткандын ордуна Мексика менен чектешкен түштүк аймакка дубал тургузууга күч жумшарын кеп кылган.
Түрк авиациясы ошол эле күнү Рас эль-Айн жана башка эки өлкөнүн чек арасындагы Сириянын шаарларына сокку жасаган. Сириянын жалпыга маалымдоо каражаттары бомбалоодон жергиликтүү жашоочулар каза болуп, жаракат алганын кабарлаган. Кечирээк кургактан чабуул жасалган. Андан кийин түрк аскерлери менен Сирия оппозициясы эки шаарды ээлеген. Эрдоган Трамптан күрд аскерлер түзүмүн колдоосун токтотуусун сурангандыгын коомчулукка кабарлаган. Анткен менен АКШ муну аткарбагандан кийин Түркиянын Вашингтондун согуш отун токтотуу чакырыгына кулак салбай тургандыгы анык болгон.