Сот Батукаевдин ишин Атамбаевсиз карамай болду

Алмазбек Атамбаев буга чейин эки ирет сотко келүүдөн баш тарткан. Ошого байланыштуу процессти ансыз өткөрүү чечими кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. - Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтмөй болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Буга чейин Атамбаев эки ирет сот отурумуна келбей койгон. Анын адвокаттары мурдагы президент "азыркы бийликтин оюнуна катышпайм" деп айтканын билдиришкен.

"Сот жыйындын катышуучуларынын баарын материалдарды жайылтпоого милдеттендирди. Азыр ал жарым сааттык тыныгууга чыкты", — деди Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев.

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

Кайра-кайра баш тартып... Атамбаевди сотко алып келүүнүн жолу барбы?
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.