Россия менен Сауд Аравия аскер-техникалык жаатта кызматташат

Путиндин бул сапарында нефтинин баасы негизги темалардын бири болгон. Песковдун айтымында, Россия — Сауд Аравия диалогу бул рынокту жөнгө салууда өзүнүн таасирин көрсөтө алган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Владимир Путиндин Сауд Аравиясына болгон мамлекеттик сапарында Россия менен Сауд Аравиянын аскер-техникалык жаатта кызматташуусу талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

Бирок ал Сауд Аравиянын С-400 курал жарагын сатып алуусу боюнча сүйлөшүү болуп-болбогонун тактаган жок.

Путин: "Ислам мамлекети" КМШнын түштүгүндө таяныч жайларын ачууга аракеттенүүдө
Путиндин бул сапарында нефтинин баасы негизги темалардын бири болгон. Песковдун айтымында, Россия — Сауд Аравия диалогу бул рынокту жөнгө салууда өзүнүн таасирин көрсөтө алган жана бул жаатта кызматташуу уланат.

Россиянын президенти Сауд Аравиянын мураскер ханзадасы Мухаммед бен Сальман Аль Саудга мамонттун азуу тишинен жасалган буюмду белек кылган. Ал эми падыша Салман бен Абдель Азизге шумкар тартуулаган болчу.

Жолугушуулардын жыйынтыгында 20дан ашык документке кол коюлган. Анын ичинде стратегиялык өнөктөштүк программасы да бар.