Нарындагы убактылуу кармоочу жай оңдоп-түзөлдү. Сүрөт

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайына жыл башынан бери 29 адам киргизилип, алардын 15и Жаза аткаруу кызматына жөнөтүлсө, 14ү үй камагына чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен оңдоп-түзөөдөн өттү.

Убактылуу кармоочу жайды ремонттон өткөрүү үчүн аталган бөлүмдөн Нарын шаардык мэриясына каражаттан жардам берүү боюнча кат жөнөтүлгөн. Сунуш эске алынып, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Ага курулуш материалдары алынып, жуунуучу жай, ажаткана оңдолуп, кылмышка шектүүлөрдү кармоочу беш камера, кызматкерлер отура турган бөлмө оңдоодон өттү.

Кыргызстандагы кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун Нарын облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канат Кожоев убактылуу кармоочу жайдын абалы буга чейин начар болуп, оңдоодон өтпөгөндүгүн, учурда ички тартипке ылайыкталып жакшы ремонт жүргүзүлгөндүгүн айтты.

"Негизинен убактылуу кармоо жайына кылмышка шектүү делген адамдар алып келинет. Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайда жаран 45 саат кармалат. Үч саат каттоого берилет. Сот тарабынан 45 сааттын ичинде баш коргоо чарасы каралып, кылмыштын белгиси аныкталса камалат же үй камагына чыгарылат", — деди ал.

№1 убактылуу кармоо жайы шаар сыртына көчөт. ЖАМКтын быйыл жасалчу иштери
Кожоевдин билдирүүсүнө караганда, Нарын облусу боюнча өткөн жылы Нарын районунун тургундарынан милиция кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөтүлгөндүгү боюнча үч даттануу келип түшсө, быйылкы жылы кыйноолорго кабылгандыгы боюнча жарандардан кайрылуу болгон эмес.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайына жыл башынан бери 29 адам киргизилип, алардын 15и Жаза аткаруу кызматына жөнөтүлсө, 14ү үй камагына чыгарылган.