Нарында 100гө чукул балбан катышкан республикалык турнир өтүүдө. Сүрөт

Баш байгеге коюлган автоунаанын ээси ар бир салмактык категориядан жеңүүчүлөр ортосунда ташталган чүчү кулактын негизинде аныкталат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Нарын шаарындагы эркин күрөш боюнча "Нарын кубогу" аталышындагы чоңдор арасында өлкөнүн булуң-бурчунан келген 100дөн ашык балбан катышкан республикалык турнир өтүүдө.

Алар 10 салмактык чен бирдикте килем үстүндө күч сынашып жатат.

"Турнирди Кыргызстандын Эркин күрөш федерациясы уюштуруп, Нарындын жеке ишкерлери демөөрчүлүк кылууда. Бул турнир аймактардын ичинен аталган калаада биринчи жолу өтүп жатат", — деп билдирди аталган федерациянын вице-президенти Талант Жекшенов.

Байге фондусуна 200 миң сом акчалай сыйлык жана жеңил автоунаа коюлган.

Баш байгеге коюлган автоунаанын ээси ар бир салмактык категориядан жеңүүчүлөр ортосунда ташталган чүчү кулактын негизинде аныкталат. Уюштуруучулар, андан тышкары, бардык байгелүү орунга илинген балбандарга акчалай сыйлык берилерин кошумчалашты.