Милиционерлердин айлыгы качан жана канчага көбөйөрү айтылды

ИИМден билдиришкендей, келерки жылы милиционерлердин шарты кыйла жакшырат. Алардын айлыгы гана жогорулабастан социалдык кепилдиктер дагы берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 2020-жылдан тарта милиция кызматкерлеринин негизги айлыгы 40 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маяна жогорулай турганы боюнча алгач ирет Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо айтылган. Бирок убактысы белгисиз эле.

Эки ирет Атамбаевдин каарына калып... Кашкар Жунушалиев тууралуу 7 факты
ИИМден билдиришкендей, маянанын көбөйүшү менен кошо кошумча төлөнчү каражаттын суммасы 30 пайызга жогорулайт. Ошондой эле укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсиясы дагы көбөйөрү айтылды. Милиционерлердин эмгек шарты "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө" жөнүндөгү жаңы мыйзамдын алкагында жакшыртылат (мыйзам 2020-жылы күчүнө кирет).

Жаңы мыйзамда социалдык кепилдиктер — медициналык жардам, санаторий-курорттук камсыздоо, укук коргоочулар турак жайларды ижарага алса жана тоолуу аймактарда эмгектенсе акчалай компенсация төлөө каралган.