2:0! Кыргызстандык футболчулар 1-таймды жеңиш менен аяктады. Видео

Мелдеш ушул тапта Улан-Батордо өтүп жатат. Анда улуттук курама командадан биринчи топту Гүлжигит Алыкулов киргизсе, экинчисин Мирлан Мурзаев киргизди.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футболчулары Монголиянын командасы менен болгон оюндун биринчи бөлүгүндө эки гол киргизди.

Мелдеш ушул тапта Улан-Батордо өтүп жатат. Анда улуттук курама командадан биринчи топту Гүлжигит Алыкулов, экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизди.

Кыргызстандык спортчулар монголиялыктар менен 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында кезигип жатат.

Кыргызстандын футболчулары буга чейин Бишкекте өткөн мелдеште Мьянманын курама командасын 7:0 эсебинде утуп, тандоо турундагы алгачкы жеңишин камсыздаган. Биринчи оюнда тажикстандыктарга утулуп калган.