БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин "Издөө-2019" деп аталган машыгуусуна катышууда. Бул туурасында Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 14-октябрда, Белоруссиянын Обуз-Лесновский полигонунда иш-чаранын расмий ачылышы болгону айтылат.
"Издөө-2019" машыгуусу 14-18-октябрь күндөрү төрт полигондо эки этап менен өтөт. Анын алкагында ЖККУнун Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөр менен биргеликте операцияга даярдык көрүү жана ар кандай каражаттар менен күч колдонуу боюнча тажрыйба топтошот.
Ошондой эле жерде, абада жана башка учурларда, ошону менен бирге түнкүсүн да чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Аскерлер уюмга мүчө мамлекеттерди буктурмадан чыгаруу, куралдуу кылмышкерлердин тобун бутага алуу жана калктуу аймактарды бошотуу чараларын көрүшөт.