Иш издегендерге кулак кагыш. Компаниялар кызматкер караштырат

Жарманкеге ар кыл компаниялар өз өкүлдөрүн жиберип, алар сунуштай турган жумуштар тууралуу кеңири айтып беришет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Борбор калаада жумуш орундарынын жарманкеси өтөрүн Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.

Ведомство Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигине карайт.

Бул багыттагы жарманке акыркы ирет май айында өткөрүлгөн. Андан бери иш издегендерге мындай мүмкүнчүлүк жарала элек болчу.

Бишкекте айыл чарба продукциясынын жарманкеси кайрадан жанданат
Жарманке 17-октябрда №5 кесиптик техникалык лицейдин имаратында (Байтик баатыр көч., 122/2) саат 10:00дө башталат.

Жумуш караштырып жүргөндөр вакансия боюнча маалымат алып, иш берген адамдар менен түздөн-түз сүйлөшүп, кеп-кеңештерин угуп, кошумча суроолору болсо бере алат. Муну менен катар эле лицейде окугандарга иш табуу боюнча окутууларды өткөрөт.

Эгерде суроолор болсо 30-37-44 жана 30-37-48 телефон номерлерине чалып, жооп алууга болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.