Бакудагы Түрк кеңешинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтердин тизмеси

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) жетинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

  • Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетин түзүү жөнүндө чечими;
  • Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы" макамын берүү жөнүндө чечими;
  • Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени жөнүндө чечими;
  • Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку орденин ыйгаруу жөнүндө чечими;
  • Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басарын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечим.

Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Мындан сырткары, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Венгриядагы өкүлчүлүгүнө байланыштуу макулдашууга кол коюлду.