БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде Россиянын президенти Владимир Путин менен Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Заид Аль-Нахайян расмий жолугушту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Иш сапарда Путин өзүнүн Aurus лимузини менен жүрдү. Ал эми Аравиянын номери тагылган Mercedes үлгүсүндөгү унаалар капотуна "ДПС" деп жазып алып жол баштап баратты. Россия лидеринин автоунаасын эки өлкөнүн желегин кармаган атчан аскерлер курчап дарбазага чейин келишти.
Ошол эле учурда асмандан истребителдер учуп өтүп, абага боёк чачып, Россиянын желегин чагылдырды.
Путин андан соң ханзаада менен жолугуп, делегациянын курамы менен таанышуу болду. Кийин эки мамлекеттин гимни жаңырды.