КРдеги эки университет Борбор Азиядагы мыкты окуу жайлардын катарына кирди

Тизмеге 350 университет катталган. Рейтингдин сап башына Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Британиялык Quacquarelli Symonds аналитикалык компаниясы Европадагы жана Борбордук Азиядагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги алдыңкы саптагы жогорку окуу жайлардын рейтингин түздү.

Жыл сайын 5000 педагог чыгат. Өлкөдөгү мугалимдер тууралуу кызыктуу фактылар
Тизмеге 350 университет кирди. Рейтингди түзүүдө жогорку окуу жайдын академиялык репутациясы, кызматкерлердин илимий даражасы, илимий басылмалардын саны сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынган.

Кыргызстандагы университеттердин ичинен тизмеге Борбор Азиядагы Америка университети менен Кыргыз-түрк "Манас" университети кирди. АУЦА 163-орунда болсо, "Манас" 190-сапка илинди.

Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети рейтингдин лидери боло алды. Бул окуу жай беш жылдан бери алдыңкы сапты бербей келет. Экинчи орунда Санкт-Петербург мамлекеттик университети болсо, үчүнчүгө Новосибирск мамлекеттик жогорку окуу жайы илинди.

Казакстандагы окуу жайлардын ичинен жалпы жонунан рейтингге 24 университет кирди. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети алдыңкы 50 окуу жайдын катарын толуктады.