БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шаршембиде республика боюнча күн ачык болот. Билдирүүгө ылайык абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарында +18...+23, ал эми Ысык-Көл, Нарын аймактарында +12...+17 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +19...+21, Ошто +20...+22 градуска чейин көтөрүлөрү маалымдалды.