Ошко аткезчилик жолу менен 1,5 млн. сомдук уюлдук аппараттар киргизилген

Телефондор чек арадан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын салону менен багажынан табылган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ошто аткезчилик жолу менен алып келинген 1890 даана уюлдук аппарат табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Ошко аткезчилик жолу менен 1,5 млн. сомдук уюлдук аппараттар киргизилген

4-октябрь күнү Бажы кызматынын өкүлдөрү чек арадан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны тинтүү учурунда салон менен багаждан уюлдук аппараттар табылган. Айдоочунун жанында товар үчүн документтери болгон эмес. Жүктүн баасы — 1 миллион 540 миң сом деп бааланды.

Ошко аткезчилик жолу менен 1,5 млн. сомдук уюлдук аппараттар киргизилген

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.