Ош улуттук драма театры оңдолуп жатат. Сүрөттөр

Учурда республикалык бюджеттен акча каралып, театрларды этабы менен оңдоо иш-аракеттери жүрүп жатат. Буга чейин опера жана балет театры менен филармония ремонттон өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Султан Ибраимов атындыгы Ош улуттук драма театрында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, министр Азамат Жаманкулов оңдоо иштери менен жерине барып таанышты.

"Бүгүнкү күндө театрдын имаратынын сырты, өрт коопсуздугу, көрүүчү залдын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуулары, грим бөлмөлөрү жаңылоого муктаж. Ремонт иштеринде жалпы 30 иш бөлмө оңдолот", — деп айтылат маалыматта.

Куланбаев: куурчак театрынын жамаатынын айлыгы көбөйгөн жок
Ош улуттук драма театрына республикалык бюджеттен 16 миллион сом бөлүнгөн.

Учурда республикалык бюджеттен акча каралып, театрларды этабы менен оңдоо иш-аракеттери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында, Токтоболот Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери жүрүп жатат. Буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улутук филармониясы оңдолгон. Эми оңдоп-түзөө муктаж мекемелерде жасалат.