Новосибирскидеги кыргызстандыктар аралашкан мушташ. Шектүүлөр кармалды. Видео

Кармалган адамдар мөмө-жемиш сатып иштеген борборазиялык мигранттардан акча опузалап жүрүшкөнү аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Новосибирскинин Хилокский базарында кыргызстандыктар аралашкан массалык мушташка шектелген эки адам кармалды. Бул туурасында Россия ИИМинин Новосибирск облустук башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады

Укук коргоочулар акча опузалоого шектелген Новосибирскинин 31 жаштагы тургуну менен анын 29 жаштагы шеригин колго түшүрдү.

Полиция шектүүлөр базарда иштеген соодагерлерден акча опузалап жүрүшкөнүн аныктаган. Аларга карата "Бейбаштык" жана "Опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, 7-октябрь күнү түштөн кийин мөмө-жемиш саткан Хилокский базарында мушташ чыгып, ок атылган. Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жаркынбай Тойтуков Sputnik Кыргызстан агенттигине мушташ базарда иштегендер менен аларды карактоого келген адамдардын ортосунда болгонун айткан.