Чыканактын кургашы түрдүү оорудан кабар берет

Адистин айтымында, тери бардык жерде жылмакай болуп турушу керек. Чыканактын кургашына тери ооруларынан тышкары эндокрин системасынын бузулушу жана А, D3, B1, В2, В3, В6 витаминдеринин жетишсиздиги себеп болушу ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Чыканактагы кургаган тери кайсы оорулардан кабар бере тургандыгын "Известия" басылмасы дерматолог Ирина Скорогудаевага шилтеме берип жазды.

Адистин айтымында, тери бардык жерде жылмакай болуп турушу керек.

"Чыканактын кургашы тери жана аллергия ооруларына байланыштуу болушу ыктымал. Маселен, атопиялык дерматит (теринин өнөкөт илдети), гиперкератоз (теринин үстү калыңдап, чорго айланышы), тамак-аш аллергиясы, бронх астмасы, ринит болушу мүмкүн. Кээде псориазга да байланыштуу болот. Ооруда клетка бат өрчүгөндүктөн тери жетилгенге жетишпей, кургап кетет", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, чыканактагы теринин кургашына эндокрин системасынын бузулушу жана А, D3, B1, В2, В3, В6 витаминдеринин жетишсиздиги себеп болушу ыктымал.