Бишкекте жаңжалдан кийин 30 чет элдик жаран милицияга алып келинди. Сүрөт

Чет элдик студенттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Укук коргоо органдары менен жогорку окуу жайдын өкүлдөрү тобу менен мушташ болбогонун билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык милиция бөлүмүнө 30дан ашык чет элдик студент алып келингенин Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте жаңжалдан кийин 30 чет элдик жаран милицияга алып келинди. Сүрөт

Бүгүн, 14-октябрда, саат 15:40та милицияга Виноградная жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече киши мушташып жатканы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Милициянын начальниги айдоочуга кандайча ок чыгарган? Окуянын чоо-жайы
Окуя болгон жерге дароо укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жөнөп кеткен. Мушташкандар Эл аралык медициналык университетте окуган пакистандык студенттер экени белгилүү болгон. Милиция менен окуу жайдын өкүлдөрү социалдык тармактарда айтылып жаткандай тобу менен мушташуу болбогонун белгилешти. Алар күнүмдүк эле нерселерден талашып-тартыша кетишкен.

Милиция студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Чет элдиктердин жанында окуу жайдын өкүлү менен котормочу бар. Учурда чыр-чатак жайгарылды.