Ак-Өргө конушуна дагы канализация киргизилип жатат. Сүрөт

Тендерди "Альма KG" компаниясы утуп алган. Алар курулуш иштерин 539 миң 293 сомго аткарат. Келишим боюнча иш октябрдын аягына чейин бүтүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектеги Ак-Өргө конушуна канализация киргизилип жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Ак-Өргө конушуна дагы канализация киргизилип жатат. Сүрөт

Маалыматка караганда, магистралдык канализация Күн көчөсү менен киргизилип, узундугу 385 метрди түзөт жана 200 тургундун үйүн камтыйт. 

Ак-Өргө конушуна дагы канализация киргизилип жатат. Сүрөт
"Тендерди "Альма KG" компаниясы утуп алган. Ал курулуш иштерин 539 миң 293 сомго аткарат. Келишим боюнча иш октябрдын аягына чейин бүтүшү керек", — дешти мэриядан.

Конуштарды канализацияга туташтыруу иштери мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен аткарылып жатканы белгиленди.