Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды

Бивол 93 килограмм салмакта доминикалык Ленин Кастильо менен беттешкен. Спортчулар 12 раунд кармашып, натыйжада Кыргызстанда төрөлгөн боксчу калыстардын чечими менен жеңүүчү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Токмокто төрөлүп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол Бүткүл дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA) версиясындагы чемпиондук наамын коргоп калды. Бул туурасында Sky Sports телеканалы билдирди. 

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча бүгүн, 13-октябрга караган түнү, Чикагодо өткөн. Бивол 93 килограмм салмакта доминикалык Ленин Кастильо менен беттешкен. Спортчулар 12 раунд кармашып, натыйжада Бивол калыстардын чечими менен жеңүүчү болгон. Муну менен ал чемпиондук наамын сегизинчи ирет коргоду. Ал эми жалпы карьерасында 17 мелдеш өткөргөн.

Атаандашы Кастильо бокс боюнча 20 беттешти утуп, үч ирет утулган. 

Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Россиялык профессионал боксчу. WBC-USNBC версиясы боюнча АКШнын, WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону.