Россиялык футболчу бош калган дарбазага гол киргизе албай койду. Видео

Беттештин биринчи эле мүнөтүндө "Сатурндун" дарбазачысы топту тосуу үчүн алдыга чуркап кетип, дарбаза бош калган. Бирок атаандаш команданын чабуулчусу Роман Изотов анын жанында туруп топту туура эмес тээп салган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россиялык кесипкөй футбол лигасынын биринчилигинде "Сатурн" менен "Химик-Арсенал" командаларынын оюнунда эсте калардык окуя болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​Беттештин биринчи эле мүнөтүндө "Сатурндун" дарбазачысы топту тосуу үчүн алдыга чуркап кетип, бирок аны туура эмес тээп алган. Бир нече секунддан кийин топ атаандаштар командасынын чабуулчусу Роман Изотовго тийип, бирок ал бош дарбазанын жанында туруп, ага гол киргизе албай койгон.

Оюн 2:2 эсеби менен аяктады. Жыйынтыгында "Химик" 22 упай менен төртүнчү орунда, "Сатурн" 18 упай менен жетинчи орунда келе жатат.