Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жанындагы ресторанда атышуу болду

Жаңжалга беш киши аралашкан. Окуя учурунда алардын бири травматикалык тапанча сыяктуу куралдан ок чыгарып, натыйжада жабырлануучунун кашы жарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Москвада жайгашкан Кыргызстандын элчилигинин жанындагы ресторанда эки киши жаңжалдашып, атышып кеткенин РЕН ТВ телеканалы кабарлады.

Новосибирскидеги кыргыздар иштеген базардагы атышуу боюнча иш козголду
Маалыматка ылайык, жаңжалга беш киши аралашкан. Окуя учурунда алардын бири травматикалык тапанча сыяктуу куралдан ок чыгарган. Ок эркек кишинин чекесинен кыя өтүп, кашын жарып кеткен. Жабырлануучу Моквадагы фирманын жетекчиси болуп чыкты. Ал ооруканага жеткирилген.

Телеканалдын маалымдаганына караганда, талаш-тартыштын себебине жабыркаган кишинин 500 миң доллар салынган капчыгы себеп болушу мүмкүн. Капчык уурдалган эмес.