Өлкөнүн мамлекеттик карызы бир айда 15 млн. долларга көбөйдү

Соңку маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 469,22 миллион АКШ долларын түздү. Кыргыз валютасына которгондо 311 миллиард 980,73 миллион сом болот. Бул туурасында Финансы министрлигинен билдиришти.

Кытай Кыргызстандын карызды кечүү боюнча өтүнүчүнө жооп берди
Анын ичинен тышкы карыз — 3 миллиард 761,91 миллион доллар (262 миллиард 605,42 миллион сом), ички карыз — 707,32 миллион доллар (49 миллиард 375,31 миллион сом).

Соңку маалыматка караганда, Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы өскөн. 30-июлга карата берилген статистикада өлкөнүн жалпы карызы 4 миллиард 454 миллион доллар болчу. Бир айда бул сумма 15 миллион долларга көбөйгөнү байкалат.

Бирок тышкы карыз 5,91 миллион долларга азайган, деген менен ички карыздын суммасы 20,8 миллион долларга жогорулаган.